АКШ музыкант аскерлери Кыргызстанда концерт берет

АКШнын Аскерий-аба күчтөрүнүн «Найт Уинг» кантри жана рок музыка ансамбли 14-19-майда Бишкек менен Таласта концерт берет. Жогорку милиция окуу жайына, орто мектептерге барат жана борбордук аянттарда эки концерт тартуулайт. Ошондой эле топ 19-майда филармонияда өтүүчү "Битлз" чыгармачылыгына арналган фестивалга катышат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. (RK)