Мектеп окуучулар арасында спартакиада өтүүдө

Кыргызстанда мектеп окуучулар арасында спартакиада өтүп жатат. Иш-чара 12-майда башталды, 16-майда жыйынтыкталат. Мектеп окуучулары спорттун баскетбол, волейбол, футбол, бокс, үстөл теннис, тогуз коргоол, шахмат, ордо, жеңил
атлетика, таэквандо WTF, оор атлетика, грек-рим күрөшү, күрөш,
эркин күрөш жана самбо сыяктуу 15 түрү боюнча таймашып жатышат. Мелдештер Бишкекте өтүүдө. (RK)