Ошто бир бала чагылганга күйүп кетти

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагында бир бала чагылган тийип каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. 12-майда Кичик айылында чагылган түшкөн. Жайытта кой кайтарып жүргөн айыл тургуну 2002-жылы туулган Асылбек уулу Акжолго тийип, бала мерт болгону кабарланууда. (RK)