Базар-Коргондо сел каптаган үйлөр тазаланууда

Бүгүн райондун Кеңеш, Бешик-Жон жана Акман айыл өкмөттөрүндө селдин кесепеттерин жоюу улантылды. Тазалоо жумуштарына селден жабыркаган жергиликтүү тургундардан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 110 аскери, 5 техникасы, облустук өрт коопсуздугу кызматынан 3 автоунаа катышты. Райондо эки жерде штаб иштеп жатат.

Акимдин 1-орунбасары Каныбек Тилекеев 12-май түнү жүргөн кыяндан Ош-Бишкек жолунун боюндагы Абдраимов айылына караштуу 250-300дөй турак-жай жабыр тартканын билдирди. Райондо ага дейре 26-30- апрель жана 7-8- май күндөрү да сел жүрүп, аталган айыл өкмөттөргө караштуу 1954 короо жайды суу баскан. Сел 852 үйдүн ичине кирген. Райондук комиссия 12-майга чейинки сел кырсыктарынан тарткан зыянды 41 миллион сом деп эсептеп, 85 үйдү жашоого жараксыз деп тапкан.

Райондун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Абдраимов айылынын тургундары 12-майдагы суу ташкындан бир нече ашкана, чарбалык курулуштары кулап, өздөрү бала-чакасы менен селден качып кутулуп, учурда коңшу-колоң жана урук-туугандарыныкында жашап жатканын “Азаттыкка” билдиришти. (YA)