ШКУнун өкмөт башчылары күзүндө Бишкекте жолугат

Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жыйыны быйыл күзүндө Бишкекте өтөөрүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бээжинде аталган уюмдун жыйынында айтты. Министр күзгү саммитке даярдык кызуу жүрүп жатканын, анда негизинен соода-экономикалык маселелер талкууланаарын билдирди.

Кытайга министр 6-7-июнда Бээжинде өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммитине камылгаларды талкуулоо үчүн барган.

Аймакта коопсуздукту жана соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо максатында түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна алты өлкө кирет: Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан. (RK)