Казакстанда жол кырсыгында мерт кеткен кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрүнө өкмөт акчалай жардам берет. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөт башчысынын маалымат катчысы Султан Каназаров билдирди. Анын айтымында, каза тапкандардын ар бирине деп 50 миң сомдон берилет.
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылынан жолго чогуу чыккан 18 адам Орусияга бараткан жеринен 8-майда Караганда шаарына келгенде кырсыкка кабылган. 16сы мерт кеткен. Экөө ооруканада. Өлгөндөрдүн арасында эки бир тууган жана 4 айлык кызы менен энеси бар. (RK)