Атамбаев Медведевди телефондон куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен телефондон сүйлөштү. Атамбаев орус премьер-министрин Жеңиш майрамы жана өкмөт башчы болуп дайындалышы менен куттуктады. 8-майда Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевди Мамлекеттик Дума өкмөттүн төрагасы кылып бекиткен. (RK)