Караганда: Автокырсыкта 16 кыргызстандык мерт кетти

Ушул түнү Казакстандын Караганда облусунда КамАЗ менен кичи автобус сүзүшүп, 16 адам мерт кетти. Кырсык Алматы - Екатеринбург унаа жолунда болгону айтылууда. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кичи автобустун айдоочусу да, ичиндеги жүргүнчүлөрү да Кыргызстандын жарандары. КамАЗдын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү ооруканада. (RK)