Бишкекте спорттук бий боюнча мелдеш өтүүдө

“Баракелде, Бишкек!” деген аталыштагы мелдеште Азия чемпионаттарында байге алып жүргөн бийчилерден баштап, 300дөй спортчу өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Анда спорттук бийдин 28 түрү боюнча 5 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздар мелдешет. Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясы, Спорттук бий федерациясы менен Спорт, туризм жана дене тарбия боюнча комитети өткөрүүдө. (КЕ)