Үч окуучу кыз сабалды

3-майда түшкү саат экилерде белгисиз бирөөлөр 15-16 жаштагы үч окуучу кызды сабап кетишкен. Окуя “Чатыр-Көл” кинотеатры тарапта болгон. Кыздардын ата-энелери милицияга арыз жазышканын Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, кыздар ооруканага жеткирилип, текшерилген. Алардын бирөөсүнүн башы чайкалганы аныкталды. Учурда окуя иликтенүүдө. (КЕ)