Клинтон: Гуанчендин ишине байкоо салып турабыз

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Америка кытайлык азиз диссидент Чэн Гуанчендин тагдырына кайдыгер калбайт деп билдирди. Бээжинде визит менен жүргөн Клинтон: “АКШ өкмөтү жана Америка эли алдыдагы күндөрү, апталар жана жылдары Чэн мырзанын жана үй-бүлөсүнүн тагдырына байкоо салып турат”, - деди.

Ага чейин АКШ расмий өкүлдөрү Кытай бийлиги диссидентке “адамгерчиликтүү” мамиле кылынаарына убада бергенин айтышкан. Клинтон бул маалыматты бышыктады. Өкмөтүн демографиялык саясатын сындаган Чэн үй-бүлөсү менен кошо Кытайдын аймагындагы коопсуз жайга көчүрүлөөрү тууралуу кепилдик берилгенден кийин шаршембиде АКШ элчилигинен чыгып кетти. Ал ушул эле күнү ооруканага жаткырылган. Диссидент аны үй камагы учурунда уруп-сабашканын ырастоодо.

Бээжин АКШ диссидентке элчилигинде баш калка берүү менен өлкөнүн ички иштерине кийлигишкен жана бул үчүн кечирим сурашы керек деп талап кылган.