Ооганстанда АКШ менен сүйлөшүүгө камынган талиптердин лидери өлтүрүлгөнү кабарланууда

“Азаттыктын” ооган редакциясы кабарлагандай, бүгүн өлкөнүн Улуттук коопсуздук башкармалыгынын төрагасы Рахматулла Набил парламентте сүйлөп жатып, талиптердин аскерий кеңешинин башчысы Мулла Исмаил 25 башка козголоңчу менен бирге кармалып өлтүрүлдү. Набилдин айтымында, аны АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө каршы болгон талиптердин башка тобу өлтүргөн болушу мүмкүн. Мулла Исмаил кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат айтылган жок. Ошол эле маалда талиптердин расмий өкүлү Забиулла Мужахид бул кабарды четке кагып, Исмаил дале тирүү экенин билдирди. Талиптер тынчтык сүйлөшүүлөрүн мартта токтотуп коюшкан.