Еврокомиссиянын президенти Украинадагы “Евро 2012” футбол чемпионатына бойкот жарыялашы мүмкүн

Бүгүн Хосе Мануэль Баррозунун расмий өкүлү: “Непада Украина түрмөдө жаткан мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун иши боюнча олуттуу аракет көрбөсө, анда Еврокомиссиянын президенти “Евро 2012” чемпионатына бара турган максаты жок”, - деп билдирди. Айрым маалымат булактары Тимошенконун абалына тынчсызданып жаткан Германиянын канцлери Ангела Меркель да өзүнүн өкмөтүндөгү министрлерге чемпионатка бойкот жарыялоону сунушташы мүмкүн деп жатышат. Чехиянын президенти Вацлав Клаус да оппозициялык лидер Тимошенконун абалын жүйөө келтирип, май айында Украинада Борбордук Европа саммитине барбай турганын жарыялады.

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко “учурунда зыянга турган келишимдерге кол койгон” деп айыпталып, жети жылга түрмөгө кесилген жана өткөн аптада түрмөнүн сакчылары тарабынан ур-токмокко кабылганын айтып ачкачылык жарыялаган.