Ата-энеге арналган көркөм сынак жыйынтыкталды

Студенттер арасында өткөрүлгөн "Ата-энем - бакытым, ата-энем - ырысым" чыгармачылык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Аны Жаштар, туризм жана иш менен камсыз кылуу министрлиги "Келечек жаштары" коомдук фонду менен бирге уюштурган. Ата-эне жөнүндө мыкты сахна оюну, видеоролик, фотосүрөт, монолог, ыр жана дилбаян даярдаган студенттерге белектер тапшырылып, гала-концерт болот делген. Гала-концерт бүгүн өтмөй болууда.

Сынакка 26 жогорку окуу жайдан эки жүздөн ашуун студент катышты. (RK)