Бин Ладендин үй-бүлөсү Пакистандан чыгарылды

"Ал-Кайиданын" ана башы Усама бин Ладендин үй-бүлөсү Пакистандан депортацияланды. Пакистандын расмий адамдары маалымдашкандай, бин Ладендин 3 жесири балдары менен Сауд Арабиясына учуп кетишти. Алар өткөн жылы 2-майда "ал-Кайиданын" лидери Пакистандагы үйүндө америкалык аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөндө кармалган. Жашыруун рейд учурунда үй-бүлө мүчөлөрү жабыркаган эмес.