Алыскы айылдарга телефон байланыш орнотулат

Кыргызстандын алыскы айылдарына "Кыргызтелекомдун" телефон байланышы жеткирилет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева билдирди. Өкмөт 2013-2014-жылдары алыскы райондорго "Кыргызтелеком" аркылуу телефон байланышын жеткирүүнү пландап, мобилдик байланыш компаниялар менен да бул боюнча сүйлөшүп жатканын айтты. (RK)