Кытай Кыргызстанга кылмыш топтор менен күрөшкө жардам берет

Кытай өкмөтү Кыргызстанга уюшма кылмыш топтор менен күрөшүп, коомдук коопсуздукту чыңдоого 3 миллион доллар берет. Бул тууралуу 24-апрелде Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэндин жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу Коргоо кеңешинен кабарлашты.

Быйыл Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык алака-катышына 20 жыл толду. (EBM)