Өкмөт милициянын реформасын күчөтөт

Кийинки кварталда өкмөт Ички иштер министрлигин реформалоого өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги коалициянын жыйынында премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирди. Өкмөт башчы былтыркы жыл жана соңку 100 күн үчүн отчет берип жатат. Жакында бейөкмөт уюмдар эл арасында сурамжылоо жүргүзгөндө милицияга ишеним 16 пайызды түзөөрү аныкталган. (RK)