Лондон марафонунда каза болгон аялдын фондуна акча чогултулду

Жекшембиде Лондондогу марафондо каза болгон Клэр Скайэрстин фондуна 129 миң доллар чогултулду. 30 жаштагы англиялык чачтарач 42,2 километрлик дистанциянын аягына чыгып жатканда эс учун жоготуп, көз узабай көз жумган. Ал жарышка өз жанын өзү кыйууга аракеттенген адамдарга жардам берүүчү уюмдун атынан катышкан. Дүйшөмбүдө миңдеген киши Интернет аркылуу ал уюмга акча которушту. Маркумдун эмнеден өлгөнүн доктурлар жакынкы күндөрү аныкташмакчы. Клэр Скуайрс Лондон марафонунда каза тапкан 11-киши болуп калды. Жарыш 1981-жылдан бери өткөрүлүүдө.