Кыргызстандыктардын дүйнөлүк конгресси өтөт

Июлда Бишкекте жана Ысык-Көлдө кыргызстандыктардын алгачкы дүйнөлүк конгресси өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Замандаш" ассоциациясы кабарлады. Иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген 800 делегат катышат. Алардын эки жүзү - чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар, төрт жүзү - Кыргызстанда жашап кийин көчүп кеткен кыргыздар жана башка улуттагылар. Дагы эки жүздөй киши мейман катары чакырылды. Алар негизинен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү. (RK)