Оппозиция саясый туруктуулук үчүн жоопкер эмес экенин эскертти

Буга чейин коюлуп келген саясый талаптардын аткарылышы мындан ары бийликтин абийиринде болоорун бүгүн оппозиция эскертти. "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана Кыргызстан коммунисттер саясый партиясынын тараткан билдирүүсүндө:

"Биз эми саясый стабилдүүлүк үчүн жоопкер эмеспиз. Эгерде калктын каары кайнап, өлкөдө башаламандык менен төңкөрүш болуп кетсе баардык жоопкерчилик президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөткө жүктөлөөрүн алдын ала эскертебиз!", - деп айтылат.

Ошто, Жалал-Абадда жана Баткенде өткөн митингдерде оппозиция өкмөттү кетсин деп, Конституцияны өзгөртүүнү, "2010-жылдын апрел-июн окуяларына күнөөкөрлөрдү жана Бишкектеги банк кутучаларынан акча тоногондорду аныктоону" талап кылган.

Өкмөт өзүнүн отставкага кетишине эч негиз жок экенин билдирип, оппозиция лидерлерин сүйлөшүүгө чакырса келбей койгонун айтууда. (RK)