Бишкекте төрт жашар кызды зордуктады делген киши кармалды

Бишкектин жаңы конуштардын биринде 2008-жылы туулган кызды зордуктаганга аракет кылган жеринен 22 жаштагы киши кармалды. Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, 12-апрелде ал кызды балмуздак берип алдаган. Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (RK)