Бийчи Атай Бишкекте эл аралык фестивал өткөрөт

Бийчи Атай Өмүрзаков Бишкекте "Мен - бийчи" эл аралык фестивалын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн ал маалымат жыйынында айтты. Өмүрзаков AtaiProduction продюсердик борборун ачканын, фестивал 11-12-майда өтөөрүн кабарлады. Фестивалга 25 өлкөдөн келген миңге жакын бийчи катышаары айтылууда. Атай Өмүрзаков Орусияда, Украинада өткөн сынактардан мыкты аталып, Чехиядагы өнөр таймаштын баш байгесин утуп алган. (RK)