Аялдардын саламаттыгы акысыз текшерилет

Бишкек шаарында 20-апрель күнү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун акушер-гинекологдору аялдарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп, кеңеш беришет. Мындан сырткары шаарда жашаган кыз-келиндер колпоскоп жана УЗИден текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстан жалпы пост-советтик аймакта төрөттөн өлгөн аялдардын саны боюнча дагы эле алдыңкы сапта турат. Аялдардын көп бөлүгү аз кандуулук менен жабыркайт. (КЕ)