Кочкордо өнөкөт бронхитке чалдыккан балдар көп экени аныкталды

Эне-баланын ден соолугун сактоо улуттук борборунун дарыгерлери Нарындын Кочкор районунда жашаган балдарды текшеришти. 16 жашка чейинки 262 баланы хирург, кулак-мурун, көз доктурлар карап чыгышты. Алардын 80 пайызы өнөкөт бронхитке жана гайморитке чалдыкканы аныкталды. Экөө ооруканага жаткырылды. Бул медициналык акцияны уюштурууга Бириккен Араб Эмираттарынын «Human apple international» уюму жардамдашты. (RK)