Токтогул: Сууга агып кеткен адам табыла элек

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда сууга агып кеткен адам табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 14-апрелде эртең менеки саат 9да Кетмен-Төбө айылдык аймагынын Чоң-Арык айылындагы Ой-Алма сайында 1954-жылы туулган Т.Майсалбеков сайдан ат менен өтүп жатып агып кеткен. Аты табылган. Издөө иштерине Токтогул райондук Куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылып, натыйжа болгон жок. Издөө бүгүн да уланып жатат. (RK)