Депутат Карамушкинанын айдоочусунун соту болот

Бүгүн Чүй облустук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурсаевдин баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирип, иш тергелип, райондук сотко өткөнүн кабарлады. Буга чейин Чүй райондук соту мас абалында эки адамды сүзүп кеткен айдоочу Алексей Хурсаевди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган болчу. Жабыркоочулар анын баш коргоо чарасын кайра кароо боюнча облустук сотко кайрылган.

27-февралда Алексей Хурсаев “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү KG номурлуу машинасы менен Бишкек-Торугарт жолунун 67-чакырымында эки адамды сүзүп кеткен. Натыйжада 70 жаштагы Кочкор районунун тургуну Асангазы Кутманалиев жан берип, 38 жаштагы Сокулуктун тургуну Алмаз Матиев ооруканага жаткырылган. (КЕ)