Иванов: Орусияга “Дастандын” акцияларынын 48 пайызы жетишсиз

Кыргызстандагы торпеда чыгаруучу “Дастан” заводу Орусияга абдан керек деген бекем ишеним жок. Бул тууралуу Орусия президентинин администрация жетекчиси Сергей Иванов “Мир” телеканалына билдирди. Ал “Дастан” заводу соңку 25-30-жылдан бери жаңыланбаганын белгилеп, заводго инвестиция алып келүү маселеси дагы талкууланаарын билдирди. Мындан тышкары Сергей Иванов кыргыз тарап сунуштап жаткан “Дастандын" акцияларынын 48 пайызы Орусияга көп нерсе бербестигин кошумчалады:

“Бул заводдун 48 пайызына ээлик кылуу Орусияга эч нерсе деле бербейт. Биз баары бир башкара албайбыз. Мындан улам эң жок дегенде бул заводдун көзөмөл пакетин колго алып, башкаруу керек же башка келишимге келүү кажет. Мен билгенден тараптар бул боюнча сүйлөшүп жатат”, - деди Иванов.

2009-жылкы макулдашууда Орусия Кыргызстандын карызын кечүү үчүн заводдун акцияларынын 48 пайызын жана Бишкектеги соода үйүнүн имаратын алууга макул болгон. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин март айында Москвага жасаган иш сапарынын алкагындагы бейформал жолугушууда Орусиянын жетекчилиги карыздын ордуна “Дастан” заводунун 75 пайыздан кем эмес акциясын алуу ниетин билдирген. Буга кыргыз тарап макул болбой, мурдагы келишимдин аткарылышын талап кылып келет. (KKs)