Шашылыш эскертүү: Суу каптоо коркунучу сакталууда

Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 8-9-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын жогору температурасынын сакталышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

8-апрелде тоо этектеринде кардын тез ээриши күтүлөт. Натыйжада ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталып, Ош, Жалал Абад, Баткен областарында сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:
9-апрелде Кыргызстандын аймагында айрым тоо этектеринде жана тоолуу жерлерде гана жаан-чачын күтүлүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Баткенде түнкүсүн 4…9, күндүз 17..22 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 19…24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5 градус, күндүз 11…16,
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 13…18 градус жылуу болот.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3...+2,
Тоолордо түнкүсүн -5…-10, ал эми күндүз 0…5 болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот. (KKs)