Кытай: Дагы алты уйгур террорчулардын тизмесинде

Кытай бийликтери террорчулардын тизмесине алты уйгурду кошту. Коомдук коопсуздукту сактоо министрлиги алар Чыгыш Түркстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү экенин, террорчу уюм үчүн желдет жалдап, аларды түрдүү зобун-зордукка, анын ичинде жанкечтилик кылууга машыктырганын билдирди.
Кытайдын Батышындагы Шинжаң-Уйгур автономиялык провинциясында акыркы мезгилде полицияга кол салуу көбөйдү. Былтыр июлда Хотан шаарындагы полицияканага кол салынып, Кашкарда да тополоң болгон. Сырт өлкөлөрдө жашаган уйгурлардын айтышынча, шинжаңдык уйгурлар хан кытайларды аймакка жапырт көчүрүүгө жана полициянын зомбулугуна нааразы экенин айтышат.