Апрель каарманы: "көйнөкчөн туулган" Алиясбек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй тараптан атылган биринчи ок Алиясбек Алымкуловго тийген. Ийнине жана башына тийген эки октон ал оор жаракат алып, кийин ооруканада араң эсине келген. Ошол кандуу күндөрдү эскерген Алиясбек 7-апрелге чейин да аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, асып өлтүрмөкчү болгондо жип үзүлүп, аман калганын "Азаттыкка" ачыктады.