АКШдагы бир шаар аукциондо сатылды

Вайоминг штатында калкы бир адамды гана түзгөн Буфорд шаары кечээ аукциондо 900 миң долларга вьетнамдык эки жаранга сатылды. Шаардын жалгыз тургуну Дон Саммонс аны сатып, өзү башка жакка көчөөрүн, бул жактагы 32 жылдык өмүрү жөнүндө китеп жазууну ойлонуп жатканын айтты.

Эми Буфорддун жаңы ээлерине бир үй, гараж, малкана, унаага май куючу бекет, кичинекей дүкөн жана 1905-жылы курулган мектеп таандык болот. Аукциондун жеңүүчүлөрү, мындан сырткары, 4,5 гектар жерге да ээлик кылышат.

Шаарды сатуу иш-чарасына кечээ 20 адам катышты. 100 жыл мурда бул шаарда эки миңдей адам жашачу. Өткөн кылымдын орто чендеринде бул жерден трансконтиненталдык темир жол жаткырылгандан тарта шаардын тургундары башка жактарга көчүп кете башташкан.