Психолог дарыгерлерди окутуу башталат

Бүгүн Бишкекте соттук медициналык-психологиялык экспертиза жүргүзүүнү жакшыртуу жана анда адам укугунун сакталышын камсыз кылуу боюнча төрт күндүк семинар башталат. Анда дарыгер-психологдор билимин өркүндөтүп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышат.

Семинарды Орусиядан жана Украинадан келген адистер өткөрөт. Иш-чараны Жаштардын укук коргоо тобу уюштуруп жатат. (EBM)