Аннан: Сирияда режимдин убадаларына карабай, көп адам өлүп жатканы тынчсыздантат

Кофи Аннан

Кечээ Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө ушул уюмдун жана Арап лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан Сирияда бийликтер козголоң чыккан шаарлардан аскерлерин жарым-жартылай чыгара баштаганы туралуу айтышканына карабай, адамдар көп өлүп жатканына кабатыр экенин айтты. Аннан оппозиция да тынчтык планы боюнча келишилген талапты аткарышына жетишээрин белгиледи.

Андан сырткары, президент Башар ал-Асад “өкмөттүк аскерлерди чыгара баштадым” деген убадасы канчалык чын экенин Аннан текшере албаганын, бирок зомбулук улантылып жатканы анык экенин кошумчалады.

Сирияда президент Асаддын бийликтен кетишин талап кылган толкундоолор атышууларга айланып, зомбулук уланып жатканына бир жылдан ашты. БУУнун эсебинде, былтыр марттан бери бул өлкөдө өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын урушунда 10 миңдин тегерегинде адам өлдү.