Торугарттагы кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек-арасындагы Торугарт өткөрүү пункту 5-8-апрелде убактылуу жабык болот. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты. Жаанга байланыштуу кытай тараптагы жол жуулуп кеткени айтылууда.

Чек арадагы Торугарт жана Эркеч-Там өткөрүү пункттары Кытайда Маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу 31-марттан 4-апрелге чейин да жабык турган. (RK)