Кыргызстанга орус ТИМ башчысы Сергей Лавров келди

Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстандагы эки күндүк сапары башталат. Орус министри Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушат. Негизги сөз аймактагы стабилдүүлүк жана коопсуздук тууралуу болот. Эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюлат.

Лавров ошондой эле кыргыз-орус Славян университетине жана Илим жана маданият боюнча орусиялык борборго барат.

Марттын этегинде Кыргызстанга Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко келип кеткен болчу. (EBM)