Жаратылыш кырсыктарынын адам өмүрүнө зыян келтирип, материалдык чыгымдарды тарттырышына айрым учурларда адамдардын кайдыгерлиги да себепкер болууда. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
Анын айтымында, мисалы, “Бишкек – Ош унаа жолу жабык болгонуна карабай, постто турган жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлердин токтотконуна маани бербей (же тоотпой) барып, кар көчкү алдында каза болгон учурлар да кездешүүдө”.
Андан сырткары жакында эле Тогуз-Торо районунда дарыя жээгине курулган дамбаны ошол жердин жашоочусу өз алдынча тешип, бакчасына суу чыгарганы айтылууда. Анын азабын бир айылдын калкы тартып жатат. Үй-жайларын суу басып, айрымдары аргасыздан чатырларга баш калкалашса, айрымдары туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлдү. (RK)