Кадамжай: Кутурган ит тиштеген жети адам дарыланып жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунда Кадамжай айыл аймагынын тургуну Абдразаков Акрамдын кутурган ити жети адамды тиштеп алды. Окуя 23-мартта болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Иттин башы лабораторияга жеткирилип, тиштелген жети адам толугу менен дарыланып жатат. (RK)