Асылбек Текебаев оорудан дүйнө салды

"Ата Мекен" партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору, партия лидеринин бир тууган иниси Асылбек Текебаев жүрөгү кармап, 51 жашында каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын маалымат кызматынан кабарлашты. Өмүрбек Текебаев Базар-Коргонго кечээ жөнөп кеткени айтылууда. Маркумдун сөөгү, алдын ала маалыматтар боюнча, өзү туулган Базар-Коргондун Акман айылына коюлат. (RK)