Бүгүн Бээжинде Бириккен Улуттар уюмунун жана Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннан премьер-министр Вен Цзябао менен жолугушат.
Кытайга Аннан Москвадан келди. Ал жакка да Аннан Сирияда бир жылдан бери токтобой жаткан атышууларды токтотуп, гуманитардык жардамды киргизүүгө жетишиш үчүн өзүнүн планына колдоо сурап барган болчу. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Аннандын планын “Сирияда жарандык согуштан качуунун акыркы аргасы болушу мүмкүн” деп атады.
Орусия менен Кытай буга чейин эки ирет Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин кан төгүүлөр үчүн президент Башар ал-Асаддын режимин айыптаган резолюцияларын добуш берүүдөн өткөрбөй коюшкан. Бирок Улуттар уюмунун мурдагы баш катчысы Кофи Аннандын тынчтык планын экөө тең колдошту.