Казакстандын Атырау шаарында 47 адамдын соту башталды

21ден 32 жашка чейинки курактагы бул жигиттер "террордук уюм түзгөн, террорчулукту ташбыйкаттаган, жардырууларды уюштурган" деп шектелүүдө. 47 адамдын канчасы жабык сотко катышаары белгисиз. Ырасмий булактын айтышынча, алардын айрымдары чет өлкөгө чыгып кеткен. Алар октябрда Атырауда болгон удаа-удаа жардыруудан кийин кармалган. Операция учурунда каршылык көрсөткөн бир адам атып өлтүрүлгөн. Ооган-Пакистан чек арасында жайгашкан “Жунд ал-Калифа” (Халифаттын желдеттери) уюму Атыраудагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.