Аскердик мончодо мушташ чыкты

Коргоо министрлигинин Бишкек шаарынын аймагындагы №97632 аскердик бөлүгүндө мушташ чыкты. Окуя 24-мартта болгонун "Азаттыкка" бүгүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Мончодо жуунуп жаткан жеринен он аскер бала мушташа кеткен. Жабыркагандарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Окуянын чоо-жайын учурда Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы териштире баштады. Мушташ чыгарган бир нече аскер бала мурда да бейбаштыгы үчүн кылмыш жообуна тартылганы, бирок сотко жетпей иш жабылганы айтылууда. (RK)