Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Дүйшөмбү шаарында өтө турган Ооганстан боюнча аймактык экономикалык кызматташуунун 5-жыйынына Кыргызстан тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев жетектеген делегация катышмакчы. Сa-news сайты Дүйшөмбүгө Ооганстан, Иран жана Пакистандын президенттери баргандыгын жазып чыкты.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, жыйында регион аралык кызматташуу, аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. (КЕ)
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, жыйында регион аралык кызматташуу, аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. (КЕ)