Балыкчыда шайлоочулардын 25% добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы маалыматка ылайык, түшкү саат бирге карата Балыкчыда шайлоочулардын 25% ашууну добуш берди.

Бүгүн Балыкчы шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өтүүдө. Ага “Республика”, “Ар-намыс”, “Замандаш – современник”, “Ата Мекен”, КСДП жана "7-апрель жаштар кыймылы" болуп алты партия, 11 шайлоочулар тобу катышууда.
Мындан сырткары Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Ош облусунун Алай районундагы Будалык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан, Ысык-Ата районундагы Милянфан айылдык кеңештерге жана Кемин шаарчасына депутаттарды шайлоо жүрүүдө. (КЕ)