Сирияда атышуулар уланып жатат

Сириянын өкмөттүк күчтөрү оппозициянын таяныч шаарларын аткылоону улантышты. Жергиликтүү активисттердин ырастоосунда, Идлибде кеминде 2 киши окко учту. Катуу аткылоого туш болгон шаарда козголоңчулар чегинүүгө аргасыз болушту. Армия Дамасктын жанындагы 2 чакан шаарчаны бомбалашканы кабарланууда. Кармаш БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча атайын чабарман Кофи Аннандын тынчтык аракеттерин колдогонуна карабай уланууда. Документ жаңжалдашкан тараптарды ок атышууну токтотууга үндөйт.