Мындай өтүнүчтү Ош облусунун Өзбекстан менен чектеш Араван районунун тургундары 23-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууда билдиришти. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, аравандыктар ооруканаларда тез жардам унааларынын жетишпегендигин, бардык мекемелерде жаш кадрлардын жоктугун айтышты. Ошондой эле жолугушууда азык-түлүккө болгон баалардын күн сайын жогорулоосу тынчсыздандырып жатканын, коңшу Өзбекстандан кыргызстандыктарга турмушка чыгып, үй-бүлө кургандарга жана алардын балдарына өздүгүн тастыктоочу документтерди алуу маселеси кыйын болуп жатканы белгиленди.
Өз кезегинде Жээнбеков тургундар көтөргөн маселелер өкмөттүн деңгээлинде каралаарын айтты. (КЕ)
Өз кезегинде Жээнбеков тургундар көтөргөн маселелер өкмөттүн деңгээлинде каралаарын айтты. (КЕ)