“Ар-намыс” Айыл чарба министрлигине талапкерди талкуулайт

Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы Айыл чарба жана мелиорация министрлигине көрсөтүлгөн талапкерди карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирүүдө. Өткөн жылы жаңы өкмөт түзүлгөндө коалицияга кирген “Ар-намыс” фракциясына айыл чарба министри кызматына талапкерди аныктоо укугу тийген. Фракция көрсөткөн Сапарбек Тынаев ушул аптанын башында ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырып берди. Эми анын ордуна жаңы талапкер тандалышы керек. (KKs)