Жолдо кар туткунунда калгандарга жергиликтүү эл жардам берүүдө

Бүгүн таңкы саат төрттө Оштун Чоң-Алайындагы Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 90-чакырымынан 142-чакырымына чейинки аралыгында бир каттамы ачылды. Жолго түшкөн карды тазалоо иштери уланууда. Кар туткунунда калган болжол менен жүздөн ашык унаанын жүргүнчүлөрү жергиликтүү тургундар тарабынан нан азыктары менен камсыз кылынууда. Бул маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды. (RK)