Балдардын укугун коргоого арналган конференция өтөт

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселесине арналган конференция өтөт. Ага Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайлар катышат. Бул тууралуу акыйкатчынын кеңсесинен кабарлашты. Илимий-практикалык конференция И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетте 23-мартта өтөт. Иш-чара польшалык укук коргоочу, балдардын укугун коргоо жаатындагы активист Януш Корчактын элесине арналып уюштурулууда. Корчак экинчи дүйнөлүк согуш маалында балдардын билим алуусуна, алардын укугун коргоого чоң салымын кошкан. Конференцияга жогорку окуу жайлардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана акыйкатчы Турсунбек Акун катышат. (RK)