Ош - Бишкек жолу бүгүн да ачылбайт

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, ушул тапта кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле сакталууда. Мындан улам жолду ачуу маселеси абалга жараша алдыңкы эки-үч күндүн ичинде чечилмекчи:

«Ош - Бишкек жолунун Чычкан капчыгайында, Төө-Ашуунун Суусамыр жак бетинде, Ысык-Көл облусундагы Чоң-Ашууда, Барскоон ашуусунда кооптуу жерлер бар. Анан Чаткалда да абал оор болуп жатат»,- деди Кубатбек Боронов.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Бишкек - Ош жолунун боюндагы тоолордо топтолгон карды атып көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. (KKs)